www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиялык «Eti bakir» компаниясы Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин иштетиш үчүн 180 миллион доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 28-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, компаниянын инвестициясынын эсебинен Терек-Сай айылында кен казуучу ишкана курулуп, ал жылына бир миллион тонна алтын чыгарат деген божомол бар.

Белгилей кетсек, Терек-Сай айылындагы алтын кен фабрикасынын курулушу 26-сентябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын катышуусунда башталган. Анда курулуш учурунда 1000ден ашуун адам иш менен камсыздалары, ишкана эксплуатацияга берилгенде 650 туруктуу жумуш орду түзүлүп, анын 90% жергиликтүү тургундар болору айтылган.

Кошумчалай кетсек Терек-Сай алтын кенин каржылаган «Eti Bakir» Түркиядагы «Cengiz Holding» компаниясына карайт.

Ал эми Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Ашуу (Перевальное), Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75% - «Eti bakir» компаниясына, 25% «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости