www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, бүгүн, 27-октябрда №1 ТИЗОго барып,  ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ал олтурган №104 камерада жолугушту.  Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кармоо шарттарына дооматы барбы деген Акыйкатчынын суроосуна  А.Атамбаев белгилегендей, ал жердеги сантехникалык түйүн буга чейин иштебей турган жана түтүктөрдөн суу тамчылап агып турганын белгилеген. Ошондуктан камера ным тартып, жагымсыз жыттан арыла элек.

Атамбаевдин  пикиринде, А.Батукаев, ТЭЦ жана Кой-Таш боюнча сот отурумдары ачык мүнөздө болуп, ага коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле журналисттердин катышуусу камсыздалышы керек.

Тергөө жана сот органдары республиканын буга чейинки жетекчилигинин тапшырмасы боюнча атайылап негизсиз, мыйзамсыз түрдө жабык өткөрүп келишкен, себеби коомчулукка ачык-айкын маалымат белгилүү болуп калат деп чоочулашкан.

Атамбаев өз ден - соолугу боюнча, бүгүн  №1 ТИЗОдо медициналык кароодон өткөрүлгөнү жана кан басымы 80/58 болуп түшүп кеткенин маалымдады.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Акыйкатчыга кайрылып, аппараттын кызматкерлери тарабынан Кой-Таш окуяларынын башка катышуучуларына Ф.Ниязовго, К.Сагынбаевге баруунун зарылдыгын суранган.

Жаза мөөнөтүн мындан ары өтөө үчүн  чукул арада ЖАМКнын башка мекемесине которулушу керектигин белгилеген.

Мындан тышкары, ал Токон Мамытовго  кайрылып, ал үнүн мамлекеттик бийликтин  жетекчилерине жана сот бийлигине жеткирип коюуну суранган.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Атамбаев менен жолугушуудан кийин №1 ТИЗО жетекчиси менен жолуккан.

Ошондой эле Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын  көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында, атайын комиссиянын чечимине ылайык,  А.Атамбаев кечээ №1 ТИЗОдон 47-түзөтүү мекемесине которулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости