www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Жумагулов: Чындык барибир чыгат!

Убакыт баардыгын өз ордуна коёт. Мунун мен айтып жаткан жокмун, бул сөз кылымдар бою эл оозунда айтылып, далилденип келет! Эсил кайран Убактылуу өкмөт 2010-жылдын кандуу апрель айында түзүлө калды. Адам өлүмунө себепкер болушуп «Бакиев жасады..» деп жандарын жеп кутулууну көздөштү. Убакыт баарын ордуна коюп, аракты сеп этип кошоматчылардын курчоосунда калган Алмазбек Атамбаев, Эгемендикти  белгилеп жатып эч ким шайлабаган Роза апчесин жалган президент болгонун, апрелде атамекенчилер Бишкек шаарын майкандап талап-тоноп, мародёрлук жасаган кылмышын “Мародерлук да ачылат, банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровго да ким түрткү берген, ким үгүттөгөн, ким качырып жиберген бардыгы ачылат”, - деп балп этти. Ансыз да эл арасындагы күбүр-шывыр көп жүрүп, иттин өлүгү  жыттанган сасык жайылып Ак үй, көк үй биригип былгып калды… Жийркеничтүү апрель окуясынан эбегейсиз байып кеткен бети жок, кылмыштуу топтун жүзүн баары даана тааныды!

Ак чөп башта, мынча эзилбей ток этер жерин айтканда, 7-апрель Бишкектин борбору канга боёлуп, Бакинин невереси Курманбек (баатырдын атына татыксыз) качып жөнөгөндө, шаарда кандай окуялар болду девейсинерби?.. Кызык иштер болду да, анда улуксат болсо окурманым, маалымат булактардан, интервью, архив материалдары аркылуу эптештирип сунуштайын. Ушул жагымсыз окуяны көргөн-билген, жабыркаган, тонолгон, бизнесин тарттырып жиберген каармандардын айтып берүүсүндө өпчөп чогулган материал, арасында атын атабоону суранганы көп. Убактылуу өкмөт, каза болгондорду бейитке алып барып, ант берип кайгырымыш болуп, кызыл-кызыл кекиртек кыйла ыплас иштерге секиртип, шерменде иштерге кириптер болушту…

Укуктук нормаларга ылайык ар бир саясий жана жооптуу кызматкерлер, өлкө үчүн опурталдуу убакта иш ордун таштап качуу «чыккынчылык» беренеси менен ченелет. Бакиев качып кетти деп, үйлөрүнө бекинип кызмат орундарын таштагандардын айынан шаар кароосуз болду. Болот Шерниязов ИИМди мыкчып, Убактылуу өкмөттүн аппаратын Эмил Каптагаев башкарып, анын орун басары Райкан Төлөгөнов болуп алышты. Туратбек Мадылбеков деген эргул Бишкек шаардык ИИБсынын башчысы, шаардын комменданты кызматын колго алды да, «элдик кошуун» түзүп карышкырга кой кайтарткандай 7-апрельден 10-апрельге чейин болуп көрбөгөндөй мародёрлук жасашып, байлыкка өздөрү туйтунуп, шефи кара Текени жана анын уурдап алган конституциясын түндөп жазышкан аялын бир түндө байытып коюшту. Кантип? А, мына минтип…

Т.Мадылбеков менен Р.Төлөгөнов түзгөн элдик кошуун Бакиевдер паракорлук, коррупциялык жолдор менен жыйнаган байлыгын мамлекетке өткөрүп жатабыз деп түшүнүп, көрсөтүлгөн турак-жайлардан баалуу буюмдар менен акча каражаттарын топтоп, атайын жиберилген микроавтобус, женил автоунааларга жүктөп беришкен. Бул буюмдар Ак үйдүн жер төлөсүндө болот деп алдашкан. Буюмдар атамекенчилердин кулкумуна кирип, арам акчаларга кызматтарды сатып алып, депутат, чиновник боло калышат. Бизнес ээлерин да какшатып, коркутуп, чогуу ала жүргөн нотариус менен өздөрүнө мүлк, бизнес, батирлерди, турак-жайларды каттатып (оформить этип) алышкан.

Элдик кошун шаарды коргоп жатабыз, Бакиевдин мүлкү өлкөгө өтөт деп ишенип бузукулардын куралына айланды! Алдын ала тонолууга мэлженген жайлардын мүлкүн Р.Төлөгөнов чогулткан элдик кошун ээн эркин алып чыгуусуна, Т.Мадылбеков уюштурган граждандык кийим кийген спецкурамдагы милиция кызматкерлери шарт түзүп, жолдорун тазалап берип турушкан. Чыныгы иликтөө жүргүзүлсө, ошол адамдар баары эле тирүү айтып да жатышат, жазып да жатышат, өлкө үчүн күйгөн мекенчил азаматтар жокпу?

Ошентип жүздөгөн объектилерди ээлешип, баалуу буюмдар менен мүлктөрдү каракташты. Буга далил катары, Райкан Төлөгөновдун уулу Муса жана Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков, ген прокурор болуп турганда канчалык Аида Салянова коргогонуна, атасы прокуратурадагы далил документтердин көбүн орду, түбү менен жок кылып, алмаштырып салганына карабастан морадёрчулукка тиешелүү деп табылып, соттун чечимине ылайык камалышкан. Бул деген атамекенчилер Бишкек шаарын карактоону уюштурганынын далили. Кызматынан пайдаланган А.Салянова группалаш, классташтарын юридикалык билими бар эле болсо, аркасын жаап, чеп болуп берсин деп прокуратура кызматына алып келген прокурорлор бул кылмыш иштин бетин жабууга ушул убакка чейин чуркашат.

Атамбаев аянтта кыйкырган «банк ячейкасын» тоноодо, ууру О.Текебаевдин соратниги Сайдилла Нышанов, 8-9-апрель күндөрү Жалал-Абад  прокуратурасында тергөөчү болуп иштеп жүргөн бир тууганы Манас Нышановду Бишкек шаардык прокурорунун орун басары кылып бир  күндө кылмыштуу иштерине көз боёмочу болсундеп дайындашат. Манас Нышанов автоматтык түрдө «банк ячейкаларын» ачуу, алуу (выемка) мүмкүнчүлүгүн алат, Бакиевдин атына катталган 8 млн. АКШ доллар, Марат Бакиевге катталган 2 млн. евро  өлчөмдөгү каражатты алышат. Манас Нышановдун мыкты актёрлугу ушул жерде бааланат. Ал менен кошо барган орган кызматкерлерине «каражаттарды экспертизадан өткөрүү керек.» деп, женил автоунаанын багажына батпай ашып калган купюраларды машиненин салонуна салат да «крышевать» эткен атамекенчилерди көздөй чуу коёт. Укук нормалары «банк ячейкасын» выемка жүргүзүү жоболоруна таянсак, «Банк ячейкасын» ачууда, ячейкадан алынган акча каражаттардын бир-эки купюрасы текшерүүдөн өткөрүлөт, калган каражат ордунда саналып, такталып кайтарууга алынаарын юристтер жакшы билет. Манас Нышанов жүктөп алып кеткен каражаттар атамекенчилердин партиясын шайлоого катыштырууда жана Максим Бакиевге таандык болгон май куючу жайларды текейден арзан баага БНКны жана элиталык батирлерди каалаганча сатып алып байлыкка маарып жашоосуна жол ачты. Манас Нышановду кызмат да, бизнес да кызыктырбай, билинбей жашоо ынгайлуу болуп туру…

Бул апрель окуясынын бир чети, маалымат берген адамдар абдан көп,  көпчүлүгү бишкектиктер, бири бизнесин тарттырган, бири көргөн билгенин айтып куугунтук көргөн, дагы бири жөн эле атын атагысы келбейт, анткени уурулар менен кандайдыр бир туугандык, куда-сөөктүк, тааныштык мамилелери бар. Бирок, ушундай ыплас ишке баршып, талап-тоноп, былгып байып, беттерин былтыйтып, «мийжам, мийжам!»- деп уялбай жүргөндөрүн көрүп, апрелде өлгөндөрдү аяшат.

Мындай кылым «аферасын» угуп жаканды кармап, аллага тообо кыла турган окуялар дагы алдыда! Кезеги менен Текенин аялынын байлыгы, Бишкек парк кимге таандык, БНКнын тагдыры, июнь окуясын уюштуруу менен Оштун базарын тоноо, Бакиевдердин Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөө, Баткендин чегиндеги бензин борборуна айланган, козиного жык толгон кичинекей айыл ж.б. шумуктар боюнча маалыматтар кезеги менен чыгат…

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              С. Жумагулов

Булак: NazarNews.kg 

 
 
 

Последние новости