www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев эки вице-мэр Виктория Мозгочева менен Алымбек Абдылдаевдин эмне себептен жумуштан кеткенин ачыктады.

Түлөбаевдин айтымында, ал социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны жумуштан алган эмес.

"Виктория Мозгачева жумуштан өз каалоосу менен кетти. Арызын көтөрүп келгенде, ага карата доом жок экенин, жумушта кала берүүсүн сурандым. Бирок ал жумушта калууга моралдык укугум жок деди. Менин "кетпеңиз, жардам бериңиз" деген суранычыма макул болгон жок. Мозгачева Алымбеков кетип жаткандан кийин ал да кетиши керектигин билдирди. Ошондо мен "макул, жакшы барыңыз" дедим" , - дейт Түлөбаев.

Ал эми жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаевдин жумуштан кетиши тууралуу Түлөбаев төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

"Алымбек Абдылдаевдин мурун кандай иштегенин билем. Ага мен көз караштарыбыз туура келбейт, иштеше албайбыз деп эле ачык айттым. Ал өзү айткандай ооруканада жатса, чакырбайт элем. Бирок өзү келди. Элдин баары Абдылдаевдин ушул жакта эле жүргөнүн билет. Булар көп нерсени жалган айтып жатышат. Өздүрүнүн намысына койдум", - деди Балбак Түлөбаев.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев дайындалган. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости