www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки аткаминер тең кызматтан кетүү боюнча өз ыктыяры менен арыз жазышкан. Алардын өтүнүчүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кабыл алып, жумуштан бошотуу жарлыгына кол койгон.

Эске салсак, Исмаилова өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде дайындалган. Ал эми Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылдын 25-октябрында киришкен. Эки аткаминер тең жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого  катышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости