www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын Конституцияда белгиленген мөөнөтү аяктады.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча Кыргызстанда ЖК депутаттары беш жылдык мөөнөткө шайланат. VI чакырылыштын парламентарийлери 2015-жылдын 28-октябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок эртеси анын жыйынтыгына нааразы болгон эл жана саясий партиялар митингге чыгып, Ак үйдү басып алышкан. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Мыйзам боюнча парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын ичинде уюштурулушу шарт. Ага таянып БШК добуш берүү күнүн 20-декабрга белгилеген.

Муну менен бирге Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Аталган документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Булак: NazarNews.kg



 

 

 

Последние новости