www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү коррупционерлерге жеген акчасын мамлекетке кайра төгүүгө убакыт берилгенден кийин атайын келип төгүп кетип жатышат. Бул тууралуу Садыр Жапаров УТРКга берген интервьюсунда айтты.
"Камоолор, кустуруулар муну менен эле бүтпөйт. Дагы да болсо уланат. Биз бир айлык убакыт бергенбиз. Коррупционерлер өздөрү билет. Азыр алардын арасында мен ушунча уурдап койдум эле, ушуну төгөйүн, мени мындан ары чакыра көрбөгүлө деп мен жарыя кылгандан кийин келип төгүп аткандары бар. Мунун бардыгын биз айдын, жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жарыялайбыз", - деди Жапаров.
Эске салсак, 21-октябрда Садыр Жапаров элге болгон кайрылуусунда өлкөдөгү коррупционерлерге кайрылып, аларга мамлекеттен уурдаган акчасын кайра кайтарууга 30 күн убакыт берген. Ошол эле учурда экономикалык амнистияны пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн баса белгилеген.
Булак: NazarNews.kg