www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Өкмөт Тажикстан менен чек араны убактылуу жабуу чечимин кабыл алды. Бул кадамды сиз кандай баалайсыз?

- Бул чечим туура болду. Анткени, контрабанда, наркотрафик, дегеле ээнбаштык, уурулук жол менен өтүп жаткан нерселерге толук тыюу салуу керек. Бирок, эл аралык нормалар сакталышы маанилүү. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерге ылайык түзүлгөн соода-сатыктарды, карымкатнаштарды бузууга болбойт. Укуктук, мыйзам чегиндеги иштер улана бериши керек.

- Өкмөт чек араны жапканга чейин эле жергиликтүү тургундар андагы өткөн товарларды көзөмөлгө ала баштады эле. Мындай кадамдар менен маселе чечүү туурабы?

- Негизи адамда жалпы гуманитардык, адамгерчилик сезими болушу керек. Эгер контрабандалык жол менен өтүп жаткан товарларды кармаса, аны тийешелүү органдарга өткөрүп бериши шарт.

Өзүм билемдикке салып, аларга карата кандайдыр бир жаза берүүгө жөнөкөй жарандардын укугу жок. Баардык маселе мыйзам жолунда чечилиши керек. Ал эми мындай көрүнүштөр ээнбаштык жолго түшкөн элдин санынын өсүп жатканынан кабар берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости