www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ал (ред. С.Исаков) суракта каалагандай жооп бербей жатса керек”. Мындай пикирин коомдук ишмер Токтогул Какчекеев NazarNews.kg МАга билдирди. Анын айткандарына караганда, тергөөнүн каалосуна канаатандырарлык жооп бериш керек.
“Бирок андай болбосо ким кантип жооп берет, же кимдир бирөөгө жок жерден эле күнөө тагыш керек беле? Ал жарым жылдан бери суракта отурат мындай абалда оору өз таасирин кылат. Текебаев деле сырттагы дарыгерлерге көрүнүп жатпайбы, а эмнеге Сапарга андай мамиле жок? Оорусун аныкташпайбы, же өлүп калышын тилейби?” – деген суроолу пикирин билдирди Какчекеев.
Белгилей кетүүчү жагдай, мурдагы өкмөт башчынын оорусу тууралуу дарыгерлердин көрсөтмөсү жок. Анын ооруп, ахвалы начарлап бара жатканын азырынча жактоочулары гана айтышууда.
Эске сала кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан бир катар атка минерлердин катарында.
Булак: NazarNews.kg