www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  тарабынан 2019-жылдын 16-21- сентябрь күндөрү Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө  коомдук тартипти жана коопсуздукту  камсыздоо боюнча уюштуруу иш-чаралары каралган.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо 800гө чукул милиция кызматкерлери  катышат. Ошондой эле, Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө, келген конокторду тосууда  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо Кыргыз  Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башка облустарынын кызматкерлери тартылган. Негизги иш-чаралар «Манас» комплексинде, Талас шаардык Ат майданында, «Газпром» ден-соолукту чыңдоо комплексинде жана спорт-интернатында өткөрүлөт. Катышуучулар жана уюштуруучулар жайгашкан баардык конок үйлөрү жана, мейманканалар ички иштер органдары  тарабынан кайтарууга алынат.

Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  баардык тартылган күч каражаттарын жумшайт жана коомдук тартиптин бузулушуна жол бербейт.

Бул багытта, ар бир иш-чара өткөн аймакта милициянын көчмө кабылдамалары ишмердүүлүктөрүн  алып  барышат. Аталган  кабылдамаларга  кайрылган ар бир  жаранга тиешелүү жардамдар берилет.

Жалпысынан алганда, Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан баардык тиешелүү чаралар көрүлүп, өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоо толугу менен ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Мамлекеттик деӊгээлдеги мындай иш-чараларды өткөрүү боюнча  ички иштер органдарынын  тажрыйбасы бар жана тапшырма аткарууга даяр экендигин ишендирип кетебиз, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости