www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Тажик “курулуш” жаңжалы убактылуу, эртеңкиге чейин токтоду. Ушул жана башка маалыматтарды бизге, жеринде жүргөн Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кабарлап турду.

  • Бүгүн буюрса тынчыды. Чек арачылар эртең 17-сентябрь күнкү сөйлөшүүгө чейин деп кетишти. Ал эми тажиктерди өздөрүнүн укук коргоо органдары алып кетишти. – деп билдирет Бекмуратов.

Эске сала кетсек бүгүн, Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесинде талаштуу аймактарга тараптар өз алдыларынча курулуш жүргүзүшкөн.

Алгач тажик чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашпастан курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Мындан улам баткендиктер, ага нааразы болуп чыгышкан.

Кийин жергиликтүү кыргыз тарап дагы альтернативалык каршылык көрсөтүп, талаштуу жайга жакын, жеке менчик короонун тосмосун тургуза башташкан. Бирок, бул курулуш иштерине тажик тарап тоскоолдуктарды жараткан болучу.

Ал эми маселени такташуу боюнча эки тараптын чек ара башчылары сүйлөшүп жаткандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости