www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогулда 2 мүшөк баӊгизатын атына артып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагында баӊгизатына байланыштуу ыкчам маалыматтар алынган.
Бул маалымат Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
11-сентябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Токтогул районунун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы Б.Э. Токтогул РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан текшерилген. Текшерүү учурунда Б.Э. атына артып келе жаткан 2 даана капка салынган салмагы 10 килогграмм 345 грамм түзгөн, чөп формасындагы өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат алынган.
Учурда Б.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg