www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул районунда катталган жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алып, алты киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү саат 13:48дер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) Honda Odyssey жана Toyota 4runner үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
"Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы эки эркек киши жана 50 жаштагы бир аял көз жумган. Мындан сырткары, алты адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, көз жумган кишилерди унаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган алты киши Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg