www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Камчыбек Жолдошбаев процедуралык микрофонго чыгып өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү кыскартууну сунуштады.

“17 киши сүйлөп, баары тең премьер-министрди мактап эле жатат, сөз кайталанып баратат. Колдон келсе түшкө чейин сүйлөп, буларды иштегенге кое берели да. Депутаттардын бир топтору менден суранды сиз айтып коюңузчу деп”,- деген депутат Төрагага сунушун добушка коюну суранды.

Ага кесиптеши Рыскелди Момбеков Жолдошбаевдин бул сунушуна каршы чыгып дароо ачуулана жооп берди.

“Камчыбек байке сизден ким суранды айтып коюңузчу ошолорду. Кышында бир жолу Жогорку Кеңешти уят кылдыңыз “балдар үшүп атат кетелик” деп, эми эмне “балдарыңыз ысып атабы?”. Мактагандар сүйлөсө сындай тургандарга дагы сөз бергиле да. Токтотуңуз кошомат кылганды, картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, алыс сөзүңүздү айтпай...токтотуңуз”,- деп депутат Момбеков кесиптешинин катуу сындады.

Камчыбек Жолдошбаевдин микрофону иштебегенине байланыштуу Рыскелди Момбековго эмне деп жооп бергенин так уга алган жокпуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости