www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Мамлекеттик туусуна карата жаштардын аяр мамилесине таасирленди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кабар сайтына билдирген.

Ал президент ушундай мекенчил, кайдыгер эмес жаштар барда өлкөнүн келечеги бар экенин белгиледи. “Президент тууну көтөрүп, сактап калгандарга ыраазы. Ушундай адамдар үчүн иштеп, кыйынчылыктарды жеңип өткүң келет. Талыкпаган эмгек менен Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жетише алабыз”, - деген президенттин сөздөрүн басма сөз катчысы "Кабар" сайтына билдирген.

Эске сала кетсек, кечээ борборубуз Бишкекте каттуу шамал болуп, Ала-Тоо аянтындагы негизги желекти учуруп кеткен. Аянт желексиз калганда кыргыздын патриот жигиттеринин бири Алмаз Жаналиев, түнкү саат 12ден баштап таң атканча үйүнөн желегин алып келип, жаанга карабай аянтта турган. Ошентип кечки 20:30 дарда катуу шамалдан айрылып жерге түшүп калган Мамлекеттик Туунун жаңысы таңкы 05:50дө кайра ордуна илинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости