www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлөгөн Келдибаев: «Жаңы өкмөт 6 ай гана иштейт»

«Жаңы келе турган Өкмөттүн деле алгылыктуу иш жүргүзүп кетиши оор болот», - деди бүгүн, 1-февралда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн мырза, президент ант берип, ишине киришти. Эми өкмөттү дайындоо башталат.  Бу сапар өкмөттү түзүү кимге көз каранды болот?

- Жаңы Өкмөт 6-ай гана иштейт. Анткени, парламенттик шайлоо май айларында болушу мүмкүн. Жаңы баш мыйзам кабыл алынса, анын ыйгарым укуктары, милдеттери чектелет. Референдумдан кийин парламенттик шайлоо болсо Өкмөт кетет. Жаңы баш мыйзамдын редакциясында Премьер-министр эмес, Министрлер кабинетинин төрагасы деп аталат деген сөздөр айтылууда. Ал эми 5-6 ай болсо да, татыктуу тажрыйбалуу адамдар келиши керек.

Бу сапар жаңы өкмөттүн курамын түзүү парламенттеги башкаруучу коалицияга жана ага кирген фракцияларга көз каранды болот. Бизге жагабы, жокпу эл чече албайт. Баш мыйзамга ылайык Өкмөттүн курамын түзүү жана бекитүү укугу парламенттин ыйгарым укугуна кирет.

- Өкмөттүн курамын Парламент беките турган болсо, бул өкмөт иштей албай чайналып калбайбы?

- Жаңы келе турган Өкмөт деле алгылыктуу иш жүргүзүп кетиши оор болот. Бул жылы да экономикалык, саясий, кадырдык кризис, жакырчылык, жумушсуздук, каржылык тартыштык, кымбатчылык, эпидемиялык кырдаал, Конституциялык референдум Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо, сырткы карыздарды кайтаруу, Жаңы Конституция кабыл алынса, ага карама каршы келген ондогон констициялык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар карама каршылыктар пайда болот. Жаңы конституцияга шайкеш келтирүү иштери жүрөт. Кыскасы, 2021-жыл ушундай иштер менен өтүп кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости