www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аты бар заты жок, кылган ишинен майнап чыкпаган, бюджеттин олчойгон акчасын сүлүктөй соруп олтурган тармактар бар. Мисалы, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо, тагыраак айтканда токой-чарбаны тескеп олтурган Абдыкалык Рустамовдун дарегине сын-пикир жаап туру. Кыйылып, сатылып жаткан карагай, арча, кыйраган токой чарбалар, андагы баалуулуктар айтор, баардыгы ташка тамга баскандай фактылар менен жарыяланып атат.

Бирок, Рустамов болсо «катыным дүлөй, жаным тынч» логикасы менен башын кумга тыгып олтурат. Кудум Төө куш «позасында», көзүм көрбөсө... жей берсин дегендей. Деги буга эч кимдин тиши өтпөйбү? Же бул кишини баарына илбээсин, кайберендин эттерин ташып, колго алып койгонбу?

Булак: "Де-факто"

Последние новости