www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Конституциялык палатанын форумуна катышкан, 2010-жылда жашоосун гүлдөткөн, Бакай калпакты баса кийип, басым менен сүйлөгөн Топчубек Тургуналиев 19-болуп сүйлөгөнүнө таарынып, жан-жакасындагы жыйындын катышуучуларын мектептин окуучусундай “тынч олтур” деп урушуп,   экс-депутат Феликс Куловду тергеп баштады. Алгач Топчубек Тургуналиев бүгүнкү жыйынды уюштургандарга ыраазычылыгын билдирип, айрым жыйындын катышуучуларын кагып-силккенге жетишти.

--Алгач сиздерди майрамыңыздар менен куттуктаймын, ылайым ушундай эрктен кыраандыктан эч качан тайбагыла. Мен силердин айтканыңарды толугу менен колдоймун. Бүгүнкү жыйындагы демилге топту биз сунуш кылалы. Буга президент ушул топко  буйрук чыгарсын. Буйруктун экинчи бөлүгүндө  баардык мамлекеттик органдар жетекчилер, ушул топ талап кылган, мамлекеттик коррупцияга тийешелүү баардык документтерди  токтотпой берилсин деши керек. Ансыз биз эч нерсе кыла албайбыз. Эгерде коррупциягы каршы күрөшүүгө жогорку бийликтегилердин күчү жетпей жаткан болсо, биз жардам беришибиз керек. Митинг дегениңерде абдан сүйүнүп кеттим, митингди жалаң эле Жогорку Соттун алдына эмес, Жогорку Кеңештин алдында жана Өкмөттүн алдындагы эски аянтта өткөрүш керек. Себеби мага “братан” болуп олтургандарды жакшы билем, өкмөттө олтурган “үч тамгадан” олтурган полковник... бирок биз аларды “братан” дебейбиз “кызылдар” дейбиз. Бая күнү Сооронбай Жээнбеков чоң жыйын өткөрүп жатат, ошол жерде олтургандардын көпчүлүгү коррупционерлер, алардын азы гана таза. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков аз гана таза адамдар менен коррупцияны жеңе албайт. Ошондуктан бүгүнкү жыйындан жыйынтык чыкпайт дегендерге кошула албаймын. “Кет эле кет” деп, мурун президенттерди айтсак, эми “кетсин” деп коррупционерлерди айтышыбыз керек, коррупция ТЭЦде, Жогорку Кеңеште быкшыган Бишкекте эмес,  өлкөнүн баардык аймактарында... Ошондуктан 5-мартта митинг деп айтып атасыңар, митингке келемин, бирок 19-болуп сүйлөбөймүн, биринчи болуп сүйлөймүн, - деди Топчубек Тургуналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости