www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков Бразилиянын мамлекеттик сыйлыгынын кавалери болуп, Рио Бранко орденине татыды.
Салымбековду сыйлоо боюнча чечим Бразилияда жыл сайын өтүүчү Рио Бранко орденинин кеңешинин жыйынында кабыл алынган, жыйын өлкө президентинин төрагалыгы алдында өтөт. Орден Рио Бранко ордени буга чейин Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, легендарлуу футболчу Пеле жана башка эмгеги баалагандарга берилген.
Белгилей кетсек, коомдук ишмер Аскар Салымбековго Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Эске салсак, аталган орден тышкы иштер министри жана бразилиялык мамлекеттик ишкер- барон Рио-Бранку Жозе Мария да Силва Параньос кичүүнүн атынан коюлган. Аталган ордендин 5 түрү бар. Кавалер, офицер, командор, Улуу офицер жана Чоң Крест деп бөлүнөт.
Булак: NazarNews.kg