www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карапайым эл тургай бийликтин бийик эшелонунда олтургандар деңгээлин көтөрө албай, тапшырылган ишти талаага калтырып келишет. Ырасында өз ишин билбеген жетекчилер жаатынан Гиннес китебине кирсек болчудай.
Арийне, баары жаман деш да туура эмес. Ошол эле министрликтерде, Жогорку Кеңеште мыкты инсандар, тажрыйбалуу адистер жок эмес.
Алсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бийликтеги баардык тепкичти басып өткөн, дасыккан саясатчы экендиги талашсыз.
Аалы Азимович өзүнүн адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, тагылган милдетти так жана таасын аткара билген сапаты менен башкалардан айырмаланып тураары анык.
Карашевдей кадрлар тиешелүү жерлерде олтурганда өлкөнүн жүгү да бир топко жеңилдемек. Бул шексиз чындык.
Ал эми жөн эле креслону «занят» кылып олтурган айрым боккурсактар Карашевден үлгү алышса иш бир азга жылаары турган иш болчу.
Нургазы Айтмырзаев
Булак: "Де-Факто"