www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Словак Республикасынын тышкы жана европалык иштер боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтык маселелерин, айрыкча, парламенттер аралык байланыштарды арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого жакшы шарт түзөрүн билдирди. Ошондой эле Төрага Словак элин президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алгандыгы менен куттуктап, ушул жылга карата ЕККУдагытөрагалыгына да ийгиликтерди каалады. Белгилей кетсек, Словак Республикасынын Президенти болуп Зузана Чапутова шайланган. Муну менен катар Дастанбек Жумабеков Милан Коллардын Кыргызстанга Словакиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганына кыргыз тарап кубанып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, Төрага демократиялык баалуулуктарды жана парламент институтун бекемдөө, ошондой эле, мамлекеттик реформаларды ишке ашыруу, анын ичинен атаандаш, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү жаатында өлкө жетекчилеринин жасап жаткан аракеттери тууралуу маалымат берди. Мисал катары 2015 жана 2017-жылдардагы шайлоолор Кыргызстан үчүн коомдун демократиялык негиздеринин ачыктыгын аныктаган жана шайлоолорду өткөрүүдөгү демократиялык принциптерди бекемдөө менен аны жакшыртуу багытындагы бирден-бир маанилүү кадам болгонун белгиледи.

“Кыргызстан ЕККУга киргенден бери, аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыгыз аралашып келет. Биздин өлкө туруктуу базар экономикасы жана бекем жарандык коом аркылуу демократиялык укуктук мамлекет түзүүгө далалат кылуудабыз. Эл аралык алкакта да ачык жана тынч саясатты жүргүзүп келебиз”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Кыргызстан Словак Республикасы менен жылуу, достук мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген Төрага бул жаатта парламенттер аралык кызматташтыктын ролу жогору экенин кошумчалады. Айрыкча, депутаттык достук топторунун ортосундагы алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду. Муну менен катар Мирослав Лайчактан Словак Республикасынын парламентинин Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун жеткирүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Словак Республикасынын тышкы жана европалык иштер боюнча министри Мирослав Лайчак жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, ЕККУнун учурдагы төрагасы катары жасаган бул иш сапары Кыргызстандагы ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгына туш келгенин баса белгиледи. Буга байланыштуу Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгү тууралуу Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы келишимдин жаңы долбоорун макулдашуу боюнча бардык иш жараяндар жакынкы аралыкта аяктаарына үмүт артарын кошумчалады.

Ошондой эле Мирослав Лайчак парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, 2018-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында уюштурулган ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Андан тышкары, 2020-жылы өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө да ЕККУ тиешелүү колдоолорду көрсөтүүнү улантарын билдирди.

Ал эми саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу тууралуу БУУнун Конвенциясынын Кыргызстан тарабынан ратификацияланышы жакшы колдоо экендигин айткан Словакиянын тышкы жана европалык иштер боюнча министри аталган документ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жана эркиндигин жакшыртууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Мындан сырткары, Словак Республикасы бир катар саясий бурулуштарды башынан өткөргөнүн белгилеп, экономикалык, саясий жана башка мамлекеттик реформаларды ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле, Мирослав Лайчак Кыргызстан ЕККУнун маанилүү мүчөсү жана коомду демократиялаштыруу жаатында региондогу башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин белгиледи. “Кыргызстан менен аталган уюмдун ортосунда эки жакка тең пайдалуу кызматташтык жолу табылган”, – деди Мирослав Лайчак.

Cөзүнүн соңунда Словак Республикасынын тышкы жана европалык иштер боюнча министри алакалар мындан ары да эки тараптуу жана көп багыттуу өнүгө берерине ишенерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости