www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги бир кезде түзүлгөн Элдик парламенттин мүчөсү Төрөбай Колубаев менен байланышып, айрым маселелер боюнча баарлаштык.  

--Төрөбай мырза, Россияда жарандык алуу жеңилдептир. Путин неге жарандык берүү жагынан марттык кыла баштады? Анын бир билгени барбы?

--Чынында бекер сыр чычкандарга гана болот. Ошондуктан, алар жарандык алууну жеңилдетиптир деп сүйүнбөшүбүз керек. Анткени, жарандык берүү маселеси жөн эле жеңилдеп жаткан жок. Бул маселенин аркасында  алардын кызыкчылыгы баарынан жогору турган чоң саясат бар. Тагыраагы, алар жарандыкты берүүнү жеңилдетип, келечекте СССР мезгилиндегидей чоң державаны куруп, бизди курамына киргизип, башкаргысы  келип жатат. Ошон үчүн  Путин  чоң держава куруп, бирдиктүү каражат чыгаруу маселесин көтөрө баштады. 

--Сапар Исаковду шашылыш колонияга которушканы туура эле болдубу? Ага берилген 15 жыл  ашыкча эмеспи?

--Сапар Исаковдун колонияга которулганы  туура эле болду. Чынында буларга 15 жыл деп аз берилип калды. Мамлекетти карызга батырып, элдин мойнуна олчойгон карыз илген адамдарды өмүр бою камакта отура турган  кылышса да аз болмок. Сапар Исаков кечээ эле чыга калган жок. Ал андан мурунку бийлик менен да иштешип, майлуу-сүттүү кызматтарда жүргөн. Кыскасы, Кыргызстанды кыйын абалга кептелишине чоң салым кошкон адамдардан. Эми колу менен кылганын мойну менен тартышы керек. 

--Неге башка мамлекеттер оорукана салса, бизде тамак-аш таркатылууда. Элге тамак-аш берсек эле маселе чечилип кетеби?

--Кыргыз бийлигинин башына элди азыраак ойлоп, көбүрөөк чөнтөгүн кампайтууну көздөгөндөр келгени үчүн биз оорукана  курбай, баштык гана таркатуу менен алек болуп жатабыз. Болбосо эл курган оорукананы биз да курсак, эл катары коронавируспу же башка дарттарды алдынала турган кошумча оорукана салсак жакшы эле болмок. Бирок, анткенге азыр дарманыбыз жок. Коронавирустун экинчи толкуну башталса. Даярбыз деп отурабыз. Чынында буга чейин “коронавирус келсе башым менен жооп берем” дегендер болгон. Космосбек Чолпонбаев башы менен жооп бермек турсун, дайынын таппай калып, кызматтан кетти го. АнаН коронавирустун экинчи толкуну келсе, даярбыз дегендер бир нерсени кыйратышмак беле. 

--Эмне үчүн кооптуу аймактарда иштегендерине карабай милицияларга кошумча каражат берилген жок? 

--Мүмкүн ИИМдин министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр бюджетте акча жок деп кейисе, милицияларга  акчанын кереги жок, абалды мен өзүм түшүндүрүп коём  деп койгондур. Мүмкүн башка себеби бардыр.  Кандай болгон күндө да жетекчилердин туура эмес саясатынын айынан  элде жарды, жардамга муктаж адамдар көбөйө баштады. Кембагалдардын көптүгүнөн жардам берип үлгүрбөй жатышат.

--Өкмөттүн антикризистик программасы элдин турмушун оңдойт, жакырчылыктан арылтат деп ишенсек болобу?

--Негизи бул өкмөт өзү ишин эптей албай жатып, анан кантип антикризистик программасы менен  элдин турмушун жакшыртмак эле. Булар кырдаалды оорлотсо оорлотот, бирок, абалдан чыгара албайт. Тагыраагы, мурунку бийликтен калган эстафетаны улантып жатышат. Иштегендей көрүнүшкөнү менен ишинен майнап чыгара алышпайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости