www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 6-апрель күнүнөн 7-апрель күнүнө караган түнү саат болжолду түрдө түнкү 2-3төр чамасында Жайыл райондук ИИМ бөлүмүнүн кызматкерлери бири-бири менен ок атышкан. Ок атуу учуру Алексеевка айылында карантинге карата койулган блок постто болгон. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя учурда 3 милиция кызматкери, 1 ГАИ болгон. Жумуш учуруна карабастан спирт ичимдигин ичишип, ич-ара чыр чыккан жана ок атылган.

Азыркы маалда эч кандай чаралар көрүлбөстөн Жайыл райондук милициясы эч кимге айтпастан ич-ара бүтүрүшкөн.  И. деген бала О. Н.  деген балага ок аткан. Ок атылган түнү СКМ начальниги С. М. окуя болгон жерге келип, жаракат алган баланы Кара-Балта шаардык ооруканага алып барган. Ал жактан Бахрам атту дарыгер бала менен сүйлөшүп, эч кимге айтпастан жана атайын катталуучу журналга каттабай операция кылдырган.

О.Н. атту жаранга 3 жолу ок атылып,  бир ок балтырына тийген жана калган эки ок тийбей калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости