www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын президенти Дональд Трамп Кытай компаниясына таандык TikTok тиркемесин өлкөдө иштөөсүнө тыюу салууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Hill гезитине шилтеме берип жазды.

"TikTok тууралуу айтсам, биз ага Америкада тыюу салабыз", — деген Трамп.

Анын айтымында, ушул ишембиде, тагыраагы, бүгүн, өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктарын колдонушу ыктымал же тиркемени АКШда иштетпөө боюнча расмий буйрукка кол коюшу мүмкүн.

Трамп ошондой эле Американын компаниялары TikTok менен иш алып барышына каршы экенин билдирген. Буга чейин өлкөнүн эң ири Microsoft компаниясы кытайлык уюм менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп жатканы айтылган.

Ага чейин мамлекеттик катчы Майк Помпео TikTok тиркемесине Кытайдын башка социалдык тармактары менен кошо АКШда тыюу салынышы мүмкүндүгүн айткан. Муну алар кытай бийлигине жашыруун маалыматтардын берилиши ыктымалдыгы менен түшүндүргөн. Бирок тиркеменин ээлери мындай аракетти көздөбөй турганын айтып келишет.

TikTok — кыска видеолорду тартууга жана көрүүгө арналган колдонмо, ал кытайлык ByteDance компаниясына таандык. 2018-жылы чыгарылган тиркеме Кытайда биринчи орунда туруп, дүйнөнүн чар тарабына кулачын жаюуда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости