www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айтматов проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерден үч унаа кагышканын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Кырсыктын видеосу менен күбөлөр социалдык тармактарда бөлүшүштү. 

Маалыматка ылайык, окуя саат 10:10дө болуп, анда Lexus RX, Subaru Legacy жана Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен Subaru Legacy жолдон чыгып кетип, бампери талкаланган. Ошондой эле алдыңкы бир дөңгөлөгү ыргып, арткы дөңгөлөктөрү арыкка тыгылып калган. Калган эки унаа трассада калган, бирок Toyota Altezza унаасынын дагы дөңгөлөгү ыргып кеткени байкалды", — деди күбө.

Күбөнүн айтымында, жол кырсыгынан жаракат алган адамдар бар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости