www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп коронавирус менен күрөшүү үчүн Конгресстен 2,5млрд.доллар сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Американын лидери Дональд Трамптын администрациясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн АКШ конгрессинен кошумча дагы 2,5 миллиард доллар сурады. Бул каражат илдетке даба болчу вакцинаны иштеп чыгууну тездетүүгө, сактанууга даярдык көрүү иштерин колдоого жана керектүү жабдууларды сатып алууга жумшалат. 

Эске сала кетсек, учурда коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан. Ал эми, Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге жетсе, каза болгондордун саны 7ге жеткен. Италияда болсо, 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза болду. Вирустун очогу болгон Кытайда каза болгондордун саны 2500гө жетсе, тумоону жуктургандардын саны 77 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости