www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиядагы кыргызcтандык студент Айчүрөк Сейитбекова италиялыктар коронавирустун айынан андан оолак болуп, качып жатышканын “Настоящее время” каналына айтып берди.

“Бул эми тамаша эмес. Себеби, сени көргөндө бетин жаап башташат. Шарф менен болобу же башка нерсе менен болобу жабышат. Ызаа болосуң. Сени айланып өтүшөт. Бул нерсе менен эч нерсе кыла албайсың”,-дейт Айчүрөк.

Айчүрөк Сейитбекова Италияда магистратураду окуйт. Анын айтымында ал аталган өлкөгө жаңы келгенде эли меймандос, кайсы улут болбосун жакшы кабыл алышчу. Коронавирус оорусу чыккандан кийин азия түспөлүндөгү адамдардан айланып өтүп калышкан.

Ошондой эле студент кыздын метродон кан басымы көтөрүлүп кеткенде аны ошол замат эле ооруканга алып кетишкен.

“Мен кан басымым көтөрүлүп кетти деп түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок мени угушкан жок. “Тез жардам” чакырышып, мени курчап алышып, ооруканага алып кетишти”,-дейт студент кыз.

Калининград шаарынын тургуну, акыркы төрт жылдан бери Италида жашап келген Юлия Абрамова өлкөдөгү “паника” коронавирустан бир күндө эле үч адам каза болгондон кийин башталган. Учурда Миландын көчөлөрү бош калды, италиялыктар маркеттердеги азык-түлүктүн баарын сатып алып кетишти.

Италияда коронавирустан 6 адам каза болуп, 150 адам жуктурган. Эки шаарда окуу жайлар жабылды. Ошондой эле жыл сайын өтүлүүчү карнавал дагы токтотулган.

Азыркы учурда  оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Өлкөнүн мамлекеттик басма сөз каражаттары кабарлагандай, вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.

Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости