www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнү каптаган коронавирус инфекциясын "Ухань" же "кунг-флю" деп атоону сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дональд Трамп кечээ, 23-июнда Аризона штатында шайлоо алдындагы митингде сөз сүйлөп жатып, коронавирус инфекциясын башкача атоону сунуштаган. 

"Бизде эпидемияга чейин баары жакшы болчу, эпидемиядан кийин да баары жакшы болот. Айрым адамдар COVID-19 деген эмне экенин түшүндүрүп бере алышпайт. Мен бул инфекцияга 19-20 атты айта алам. "Ухань" дегени эсте каларлык болду, "кунг-флю" десе да болчудай (flu англисчеде - сасык тумоо). Айрымдары бул вирусту кытай сасык тумоосу деп дагы аташат", - деген Тональд Трамп.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп коронавирус инфекциясынын дүйнөгө тарап кетишине Кытай өлкөсүн күнөөлөп, жоопкерчиликти алышы керектигин айтып келет. Ошондой эле компенсация төлөөгө милдеттендирүүгө убада берген. Ал эми Кытай тарап бул айыпты четке кагып келет. Дүйнөлүк анын ичинде америкалык окумуштуулардын көпчүлүгү бул вирус жасалма түрдө жасалган деген версияны четке кагышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости