www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап, Ысык-Көл облусунун милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коронавирус инфекциялык илдетинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө, ошондой эле санитардык – эпидемиологиялык коопсуздукту аймакта камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды турмушка ашырып келишүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда, милиция кызматкерлери, башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте «Ак-Кеме» жана «Кызыл-Омпол» санитардык-карантиндик постордо күнү-түнү кезмет кызматтарын жүргүзүүдө. Covid-19 вирусунун коркунучунан улам, калк арасында өздүк гигиенаны жана дарыгерлердин кеӊештерин кыйшаюсуз аткаруу боюнча калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштери колго алынууда. Мүмкун үй карантинин талаптарын аткарбаган адамдар туурасында түшкөн маалыматтарды ыкчам тешеришип, ал боюнча тийиштүү чараларды аткарышууда.

Өздүк коопсуздукту камсыз кылуу максатында, милиция кызматкерлери тийиштүү атайын коргоо кийимдери, медициналык беткаптар жана антисептиктер менен камсыздалган. Бекитилген графиктин негизинде милициянын административдик имараттары жана кызмат бөлмөлөрү, ар дайым дезинфекцияланып турат.   

Өзгөчө кырдаал жаярылангандан баштап, облустун ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 1191 - беренеси (Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу) менен 4 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, анын 3 иши Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 26-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен кыскартылган. Ошондой эле, аталган кодексинин 1271 - беренеси (Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу) менен 6 иш сотко чейинки өӊдүрүшкө алынып, 4 иши боюнча өндүрүш уланууда.

Рейдтик жана текшерүү иш чараларын өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 293 – беренесинин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) негизинде 16 протокол жана 150 – беренесинин (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) талабына ылайык 1 проткол түзүлгөн. Натыйжада, 3 жаран эскертилип, 13 жаранга 39 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды. Негизги укук бузуулар – үй карантинин талаптарын бузуу болуп эсептелинет.

Областтык милициядан билдиргендей, үй карантинин учурунда жарандар дарыгерлердин көрсөткөн талаптарын бекем сактап, үйдөн чыкпашы абзел.  Эгерде, үй карантинине алынган жаран, жашаган жеринен чыгып кеткен учурлар аныкталса, Кыргыз Республикасынын мызамдарынын негизинде, ал адам жоопко тартыларын унутпашы керек.

Биздин негизги максат – жарандарды жазалоодо эмес! Чектөө чаралары - бул биздин ден соолугубузга жана коопсуздугубузга көрүлгөн аракеттер болуп саналат. Ошондуктан, облусубуздун тургундарын жана меймандарын мүмкүн болушунча жооптуу болууга жана сактык чараларын бекем сактоого чакырып кетмекчибиз. Өзүӊүздөрдүн, жакындарыӊыздардын жана тегеректеги адамдардын ден-соолуктарына аяр мамиле кылыӊыздар!

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости