www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Рим папасы Франциск жана италиялык лидерлер менен жолугушуу үчүн Ватиканга келди. Шейшембиде Air Force One авиалайнери Римдеги Леонардо да Винчи аэропортуна конду.

Трамп Италияда 24 саатка жакын болуп, андан соң Европа биримдигинин жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушуу үчүн Брюсселге барат. Андан соң ал кайрадан Италияга келип, бейшембиде Сицилияда өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн “Чоң жетилик” саммитине катышат.

Трамп менен Рим папасы миграция, климаттын өзгөрүшү же ислам маселелери боюнча пикирлери келишпейт. Өткөн жылы Трамптын АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу ниети жөнүндөгү суроого Франциск: "көпүрө эмес дубал тургузууну ойлогон адам христиан эмес",-деп жооп берген.

Последние новости