www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 22-февралда, кыргызстандыктарга АКШга кирүү үчүн виза берүүгө киргизилген чектөө күчүнө кирет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, тийиштүү документке президент Дональд Трамп 2019-жылдын 21-январында кол койгон. Ага ылайык, 22-февралдан тарта алты мамлекеттин жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карта (Diversity Visa) берүүгө киргизилген чектөө иштей баштайт. Тизмеге кыргызстандыктардан сырткары Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания кирген.
Визалык чектөөлөр жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин тыкыр текшерүүдө коопсуздук чараларынын чабалдыгы аныкталгандан кийин киргизилген. Ошондой эле АКШнын элчилиги кыргыз паспортторун берүүдө тыкыр көзөмөл болбой жатканын жүйө келтирген.
АКШ кыргыз бийлигин паспорт берүүдө көзөмөлдү күчөтүүгө, электрондук жана биометрикалык паспортторду иштеп чыгууга, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу Интерполго өз убагында маалымат берип турууга чакырган.
Булак: NazarNews.kg