www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармакта Кытайдан тараган коронавирус боюнча талкуу болгон кыска тасма тарады. Дүйнөнөлүк жарандарды ойго салган коронавирус чын эле опурталдуу оорубу? Төмөндөгү маекке назар салыңыздар!
--Мырзалар, биз өтө этият болуп, Американы буга даярдашыбыз керек. Бул абдан кооптуу, бизге чындык жана ачыктык керек. Адамдардын өлүмүн токтотуш зарыл. Аларды Европага жана Америкага кирүүсүнө тыюу салуу керек, анткени бул көптөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болот.
Ачыктык-өтө маанилүү нерсе. Америкага бардык чындыкты айтып, маалымат пайдубалын бузуу бизге абдан зарыл. Расмий маалыматтар жалган. Кытайдагы карантинге алынган адамдардын чыныгы саны 250 миллиондон ашуун болсо, 1,5 миллион адам коронавируска шектелип гана калбастан алардын ооруп жаткандыгы тастыкталган.
Каза болгондон кийин өрттөлгөн кишилердин саны 30 миң эмес, 50 миң. Миллиондогон-миллиондогон кытайлыктар каза болуп жатышат. Алар аябай күч-кубаттуу. Вирус жаныбарлардан жуккан эмес, ал ушунун артындагы турган адамдардан тарады деп жатышат. Айрым адамдар чындыкты көзөмөлдөшүүдө. Расмий маалыматтар жалган, күн сайын бейтаптардын 2, 1 пайызы каза болушууда.
Ооруну жуктургандар кичинекей бөлмөлөргө тамаксыз, телефонсуз, суусуз камалышкан. Алар ажатканага да бара алышпайт, эшикти ача да алышпайт.
--Пандемияны талкуулоо бөлмөсүнө кош келипсиздер. Бүгүн 2020-жылдын 6-февралы. Компартияга каршы чыккан, болуп жаткан окуялар жөнүндө альтернативдүү версиясы бар, белгилүү инфарматор Милли Гуо бизге кошулат. Анын бизге өтө коркунучтуу жаңылыктары бар. Азыр Уханда эмне болуп жатат? Америкалыктар маалымат алууга аракет кылганы менен Кытайдын компартиясы маалыматтарды жашырып жаткандыгын билебиз. Эмне болуп жаткандыгын америкалыктарга сиз айтып бере аласызбы?
--Менин абдан жаман жаңылыктарым бар. Кырсык доктор Ли менен Чен отчетунда жазылгандай 2020-жылдын 30-декабрында эмес, 17-декабрда башталган. Ухань бийлиги жана борбордук өкмөт “вирус жаман экендигин, тургундар үчүн кооптуулугун” айтышкан. Бирок анда катастрофа жок эле, бирок азыр балакеттин баары башталып жатат жана мындан да жаман болот деп ойлойм.
--Билесизби, NewYork Times ж. б. басылмаларда Кытай коммунистик партия өзүнүн расмий агенттерин табууга аракет кылып жатат. Global Times, People Daily басылмалары жана алардын кабар агенттери позитивдүү деп саналган оорукананын курулушу сыяктуу маалыматтарды чагылдырып, социалдык тармактарга басым көрсөтүүдө. Биз азыр доктор Лини көрүп турабыз. Ал Кытайдын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн баатыры. Ли бул окуяны декабрь айында эле токтотулушу керек болгон учурда токтотууга умтулуп, өз өмүрүн курмандыкка чалды. Ал эми Кытайдын коммунисттик партиясы чындыкты жашыруудан башка эч нерсе кылган жок. Азыр бардык ММКлар мисалы, NewYork Times ооруканынын курулушу сыяктуу позитивдүү жаңылыктарды жарыялоодо. Сиз бүгүн Кытайдагы чыныгы кырдаалды айтып бере аласызбы?
-Сиз суроо берип жатканда NewYork Timesтын атын үч жолу атадыңыз. Сиздер аны көргөнүңүздөр өтө жаман. Бул дээрлик эки айдан бери созулуп жаткан Кытайдагы катастрофа. Бирок Батыш дүйнөсү жана бардык кабар каналдары чындыкты айтышкан жок. Алар оорунун деңгээлдеги орточо деп көрсөтүшүп, коркунуч келтирип жаткандыгын айткысы келбей жатат.
“Мен NewYork Timesта Ухань жөнүндөгү маалыматтарды таптым, алар оорукананын курулушу жөнүндө жазышкан, бирок, алар бул жактагы коркунучтуу кырдаал тууралуу жазышкан эмес. Сиздер керебеттердин жакындыгын жана ачык мейкиндикте тургандыгын коопсуз деп ойлойсуздарбы?”
--Чындыкты айтуу абдан зарыл. Азыр коммунистик партия Батыш ММКларын кантип көзөмөлдөөнү билишет. Чет өлкөлүктөр бул оору боюнча чындыкты билишин алар каалашпайт. Башкача айтканда, сиз компартияга олуттуу карасаңыз, сизге “560 киши каза болушкан, ооруну жуктургандар 50-60 миң деп айтышат. Бирок карантиндеги адамдардын санын 180 миң деп айтышты, мунун баары жалган. Мисалы, каза болгондор 500-600 эмес, Ухандагы крематорийлердин санын билсеңиз, өлгөндөрдүн катышы билинет. Крематорийлердин (NazarNews.kg ред.: өлгөндөрдү өрттөй турган меш) саны жалпы 49, алар 17 күндөн бери күнү-түнү 24 саат тынбай иштешүүдө, күнүнө 1 200 сөөктү өрттөшөт. Бул Уханда гана, эми алар шаарда да иштеп баштады.
Азыр Кытайдагы карантинге алынгандардын жалпы саны -250 миллион адамдан ашат, алардын 1, 5 миллиону ооруну жуктуруп алгандыгы тастыкталган. Крематорийленген (өрттөлгөн) сөөктөрдүн саны 50 миң. Ошондуктан Кытайдын компартиясы Батыш дүйнөсү бул окуя жөнүндө билүүсүн каалабай, ички 86 % басма сөздү көзөмөлдөп, жашырууда.
Маалымат NazarNews.kg агенттиги тарабынан кыргызчаланды
Булак: NazarNews.kg