www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батышка баш ийгендиктен Украина толугу менен жок болуу коркунучунда турат. Мындай божомолду Түркиянын DikGAZETE гезити билдирди.
Басылма батышчыл саясатчылар сепкен башаламандык Украинанын экономикасына олуттуу зыян алып келгенин, мурда Орусия менен кызматташуунун аркасында күчөгөнүн белгилеген. Бүгүнкү күндө Украина «Африка экономикаларынын деңгээлинде» деп жазат басылма.
Материалдын автору Украина толугу менен Батышка көз каранды болуп калганын айтат. Мисал катары ал өлкөнүн Эл аралык валюта коруна жана Дүйнөлүк банкка болгон миллиарддаган доллар карызын атайт.
«Бирок Киев режими бул караңгы көрүнүшкө карабастан, батыш мамлекеттеринин жандоочусу болууга умтулууда. Ал эми жакын арада украин элинин кызыкчылыгы үчүн иш-аракет кыла баштабаса, анда өлкө толугу менен жок кылынат», - деп баса белгилейт DikGAZETE.
Булак: NazarNews.kg