www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү жалпы шайлоодо бардык урналардан бюллетендердин 100% эсептелгенден кийин 49,35%, анын оппозициядагы атаандашы Кемал Кылычдароглу 45% добушка ээ болду. Бул тууралуу 15-майда мамлекеттик TRT Haber телеканалы билдирди.

Түркиядагы президенттик жарыштын биринчи айлампасында жеңүүчү аныкталбаса, экинчи тур 28-майда өтөт. 

Алардын атаандашы Синан Оган 5,22% гана добуш алса, шайлоо жарышынын дагы бир катышуучусу, мурда талапкерлигин алып салган Мухаррем Инже 0,43% добуш ала алганы белгиленди. Ошол эле учурда Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын ага берген добуштарын жарактуу деп эсептөө чечимин чыгарды. Телеканал талапкерлердин бири биринчи турда жеңишке жетиш үчүн 50% добушка жана бир добушка ээ болушу керек экенин баса белгилейт.

Ошол эле учурда бир миллиондон ашуун бюллетень Түркиянын шайлоо комитети тарабынан жараксыз деп табылган.

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости