www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк бийлиги очогу Хатайда болгон соңку жер титирөөдөн жабыркагандар тууралуу маалыматты жаңылады. Учурда 562 тургун жардамга муктаж. Сирияда 500дөн ашуун адам жабыркады, деп маалымдайт жергиликтүү адам укуктарын көзөмөлдөө борбору.

Курмандыктардын саны Түркияда алты адам, Сирияда беш кишини түздү. Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, Түркиядагы 18 жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Сирияда бийлик каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат берген жок. Бул тууралуу Сириянын адам укуктары боюнча мониторинг борбору жарыялады. Борбордун маалыматына караганда, жаңы жер титирөөлөрдөн улам Дамаск көзөмөлдөгөн аймактарда 150 адам жаракат алган. 

Жаңы жер титирөөлөр Түркияда 42 миңден ашуун, Сирияда кеминде 5,8 миң адам каза болгон мурунку жер титирөөлөрдөн эки жума өткөндөн кийин, 20-февралдын кечинде болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости