www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгон адамдардын саны 7108ге жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу кызматы билдирди.
Соңку маалымат боюнча, Түркияда жер титирөөнүн кесепетинен 40 миң 910 адам жаракат алды. Өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдиргендей, урандынын алдынан 8 миңден ашуун киши куткарылды. Жалпысынан 5700 имарат талкаланганы болжолдонууда.
Учурда 450 миңдей жаран студенттердин жатаканасына жайгаштырылды. Жер титирөө болгон аймактарда 100 миңдей куткаруучу иштеп жатат. Алардын ичинде ыктыярчылар жана чет элдик адситер дагы бар.
Ал эми Сирияда учурда 2500дөн ашуун адам каза болгону маалым болду. 4500дөн ашуун киши жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg