www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия орусиялык дан эгиндерин кайра иштетип, муктаж болгон өлкөлөргө бекер жөнөтүүнү күтүп жатканын Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министрлигинин башчысы Вахит Киришчи билдирди.
«Биз өзүбүздүн жүктөмөлөрүбүздү колдонобуз. Орусиядан бекер ала турган буудайды өзүбүздүн заводдордо иштетип, өнүкпөгөн өлкөлөргө жөнөтөбүз», - деди ал журналисттерге.
Киришчи түшүндүргөндөй, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус буудайынын жакыр өлкөлөргө ун түрүндө бекер жөнөтүлүшүн каалайт.
Буга чейин Түркия Орусия түрк кампаларын эгинди сактоо жана сатуу үчүн түйүн катары колдоно башташы мүмкүн экенин билдирген.
Эске салсак, өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия Федерациясы дан келишимине катышууну кайра баштаганын жарыялаган. Мамлекет башчысы Украинадан эң жакыр өлкөлөргө эч нерсе экспорттолбосо да, Орусия муктаж болгон мамлекеттерге керек болгон көлөмдү толук ала аларын эскертти.
Булак: NazarNews.kg