www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Түркия орус газын жеткирүү үчүн төлөмдөрдүн бир бөлүгүн рублга которду. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак журналисттерге берген маегинде билдирди.
«Төлөмдөрдүн бир бөлүгү рублга которулганын мен так түшүндүрүп бере алам», - дейт ал.
Ошол эле учурда Новак Түркия Орусиядан газ арзандатууларын сурап жатабы деген суроого жооп берген жок, муну сатып алуучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы коммерциялык мамиле деп атады.
Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында түркиялык кесиптеши Режеб Тайып Эрдоган менен жолугуп, Анкара орус газынын 25 пайызын рубль менен төлөө келишимине кол койгонун билдирген.
Бир нече күндөн кийин Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмаз орус газынын 25 пайызын рубль менен төлөө келишими жакын арада күчүнө кирерин билдирди.
Булак: NazarNews.kg