www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын жылдык инфляция деңгээли рекорддук көрсөткүчкө жетти. Транспорт кызматтары, ошондой эле тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар баарынан кымбаттады.Бул тууралуу Eurasia Diary чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өткөн айда Түркияда жылдык инфляция 17,9% түзгөн. Бул өткөн айга салыштырмалуу 2,05 пайыздык пунктка өсүү жана акыркы 15 жылдын эң жогорку деңгээли.
Түркия Республикасынын Борбордук банкы кырдаалга байланыштуу билдирүүсүндө бааларды туруктуу кармап туруу үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди: «Акча-кредит саясаты кеңешинин ушул айдагы жыйынында жаңы каржы саясаты аныкталат.
Эске салсак, Түркиядагы кризис АКШнын президенти Дональд Трамптын чечими менен бул өлкөдөн импорттолгон алюминийге салык киргизилгенден кийин башталган.
Булак: NazarNews.kg