www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 2023-жылдын 18-июнуна белгиленген президенттик жана парламенттик шайлоонун датасы бир аз эртерээк жылдырылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү кечээ, 2-январда бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын расмий өкүлү Умар Челик билдирди.

«Бизде бул шайлоону 18-июнда өткөрүүгө эрк бар. Бирок кээ бир көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн. Бул биздин жарандар өлкө боюнча саякатка чыгып, көбү ар кайсы жерлерде боло турган мезгилге туш келгенин эске алып, азыр бул күн боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», - деди Челик.

Ошол эле учурда башкаруучу партиянын өкүлү добуш берүү күнүн жылдыруу мүмкүн болушунча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү катары карала турган чечим болбой турганын айтты.

«Эгерде биз так чечим кабыл алсак, ал ушул датага карата өткөрүлөрүн сөзсүз билдиребиз. Бирок бул мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө байланыштуу эмес, жөн эле жай мезгили болгондуктан, мекендештерибиздин көбү эс алууга кетип, айыл чарба иштери кызуу жүрүп жаткан мезгилге байланыштуу», - дейт Челик.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын августунда Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Бакир Боздог өлкөдө президенттик шайлоо 2023-жылдын 18-июнунда өтөөрүн билдирген. Түркияда жалпы (президенттик жана парламенттик) шайлоолор жергиликтүү мыйзамдарга ылайык бир күндө өткөрүлөт. Бийликтеги Элдик альянс алардын жалгыз талапкери азыркы президент Эрдоган болорун жарыялаган.

Оппозиция буга чейин Түркиянын учурдагы президенти шайлоого катыша албайт, анткени бул анын үчүнчү мөөнөтү болоорун билдирген 

Последние новости