www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядагы жер титирөөдөн олуттуу жабыркаган Нурдагы шаарын толугу менен бузуу чечими кабыл алынганын губернатор Осман Билгин НТВ телеканалына билдирди.
Куткаруу иштери аяктагандан кийин бийлик шаарды толугу менен калыбына келтирүүнү көздөп жатат.
«Биз чоң кырсыкты баштан кечирдик. Шаар куруу министри Курум менен биргеликте чечим кабыл алдык: урандылардын баарын алып чыгып жатабыз, шаар толугу менен, 100% талкаланды. Үйдүн урандыларынын астынан эле 150 адамдын өлүгүн таптык. Шаар кайрадан курулат», - деди Билгин.
Осман Билгиндин айтымында, Нурдагыдагы издөө-куткаруу иштери урандылардын астында калган акыркы сегиз үйдүн аймагында уланууда. Куткаруучулар кырсыктан 160 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан аман калган 18 жаштагы жигитти чыгарышкан.
Нурдагы - Газиантеп облусунун район борбору. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыкка чейин шаарда дээрлик 17 миң адам жашаган.
Эпицентри Түркияда болгон жер титирөө 6-февралга караган түнү болгон. Бийликтин акыркы маалыматтары боюнча, каза болгондордун саны 31 643 адамга жетти. Bloomberg жер титирөөлөрдүн түрк экономикасына келтирген зыянын 84 миллиард доллар деп баалады.
Булак: NazarNews.kg