www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газиантеп облусунун Нурдагы районунун Белпинар айылында жана Кахраманмараш облусунун Местхуюк жана Түркоглу Өзбек айылдарындагы жеке үйлөрдүн ачкыч тапшыруу аземине катышты, деп билдирет Anadolu.

«6-февралдагы катуу жер титирөөдөн 15 күн өткөндөн кийин жаңы жеке үйлөрдүн пайдубалы түптөлөн. Кырсык болгон аймакта бардыгы болуп 507 миң батир жана 143 миң жеке үй курулат. Алардын 319 миңи бир жылдын ичинде тапшырылат. Дээрлик 60 миң батирдин пайдубалы түптөлдү. Бул иштер уланууда. Биздин милдет - жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды тез арада бардык шарттары бар жаңы заманбап үйлөргө көчүрүү», - деди президент.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Кыйратуучу жер титирөө Сирия, Ливан, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости