www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жер титирөөдөн 54 күн өткөндөн кийин үч айлык кыз апасы менен жолугушту, деп билдирет Anadolu.

Ымыркай урандылардын астынан 128 сааттан кийин куткарылган. Бирок, көп убакыт бою кыздын жакындары кайда экенин тактоо мүмкүн болгон эмес.

Акыры адистер анын апасынын тирүү калганын жана Адана шаарында дарыланып жатканын аныкташкан. Ымыркай энесине өлкө өкмөтүнүн атайын борту менен жеткирилген.

Медайымдар Гизем (Керемет) деп ат койгон үч айлык Ветин Бегдаш Хатайда урандылардын астынан тирүү табылган. Буга чейин аны каза болгон апасынын кучагынан алып чыкканы айтылган.

Эки айдан кийин ымыркайдын апасы тирүү экени белгилүү болуп, ДНК анализи бала менен эненин ортосундагы байланышты тастыктады.

Ымыркай Адана провинциясындагы апасы Жасмин Бегдашка өткөрүлүп берилип, учурда ал жакта дарыланууда.

«Бул бала чыныгы керемет. Биз анын аман калганына жана ден соолугуна байланыштуу эч кандай көйгөйлөрдүн жоктугуна абдан таң калдык. Гизем азыр да биздин балабыз», - деген үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Деря Янык министрлик каалаган убакта колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөнүн кесепетинен ымыркайдын атасы жана эки бир тууганы каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости