www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын куткаруучулары издеп-куткаруу иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 8 адамдын жансыз денесин таап чыгарып беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.

"Дагы 2 кишинин денеси кинологдордун иттери аркылуу табылып, урандынын астынан чыгаруу иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди Кыргызстандан барган куткаруучулардын башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев.

Издөө-куткаруу иштери түнү менен да уланып куткаруучулар эки объектиде иш алып бара тургандыгы айтылды.

Эске салсак, Түркияда Сирияда күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости