www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жер титирөөдөн кийин көрсөтүлгөн жардам үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Бүгүн ал Бишкектеги маалымат жыйындын жүрүшүндө табигый кырсыктан жабыркаган провинциялардагы абал тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Түркия жер титирөөдөн кийин дароо эл аралык жардам сураган. Кайрылууга 102 өлкө, анын ичинде Кыргызстан дагы жооп берген.

«Биз табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандын өкмөтү жана эли жер титирөөдөн кийин дароо жардам колун сунду. Президент Садыр Жапаров, мамлекеттик жана искусство ишмерлери, диаспоралар жана бирикмелер, айыл өкмөттөрү, Соода-өнөр жай палатасы, өлкөнүн бүтүндөй аймагынан жарандар жардам берип, тилектештигин билдиришти», — деди дипломат.

Ал Кыргызстандын эң алыскы булуң-бурчтарынан элчиликке келип, жол оңдоого же башка иштерге бүтүндөй айылдан чогулган акчаны тапшырып жатканын баса белгиледи.

«Кыйынчылыктарына жана оор абалына карабай бул жерге түрк элине жардам берүү үчүн келишкен. Ал эч качан унутулбайт. Бул биздин элдер бир туугандыкты канчалык баалаарын көрсөттү», — деди элчи.

Элчи кошумчалагандай, Түркияга Кыргызстандан учак аркылуу 25,3 тонна, ал эми автотранспорт аркылуу 30 тоннадан ашык эң керектүү буюмдар жеткирилген.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,4 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Табигый кырсык 13,5 млн калкы бар дагы 10 провинцияга жана коңшу Сирияга да таасирин тийгизди. Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн 44 миңден ашуун адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости