www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-октябрда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Боордош мамлекеттин парламентинин төрагасы жетектеген делегацияны «Манас» аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Жаныбек Аматов тосуп алышты.
Нуман Куртулмуш иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.
Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.