www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Огайо штатындагы Колумбус шаарындагы мечитте белгисиз адам ок чыгарды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
«Колумбустагы ATF бөлүмүнүн атайын агенттери мечитте ок атылганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин тиешелүү чараларды көрүп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Жергиликтүү WBNS телеканалынын маалыматына караганда, атышуу 19-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:10 чамасында болгон. Окуядан кеминде бир адам каза болуп, дагы бир адам жаракат алган. Жабыркаган адамдын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Полициянын болжолунда, бул окуя мечитке атайын багытталган кол салуу болгон эмес.