www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп жарыяланган жок.

Бул жолку жыйында Түркмөнстандын уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулары кабарланып жаткан. Бул тууралуу 29-сентябрда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирип, Самаркандда бирикменин мүчөлөрү көбөйөрүн сүйүнчүлөгөн.

“Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон Түркмөнстан Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен түрк тилдүү үй-бүлөбүздү толуктайбыз”, - деген ал.

Бирок бул жолку жыйында Түркмөнстандын мүчөлүгү жөнүндө сөз болгон жок. Түрк министринин эки ай мурунку маалыматы эмнеге ишке ашкан жок, ага эмне себеп болгонун эч ким түшүндүргөн жок.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын атынан саммитке өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов келди.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги Бердымухамедов жыйынга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ардактуу конок катары катышып жатканын кабарлаган.

Эске салсак, уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирип, былтыртан бери Түрк өлкөлөрүнүн уюму деп атала баштаган. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында катышып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости