www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда ишемби күнү саат 7.00дө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоогоо добуш берүү үчүн 2577 шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат кызматтары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, добуш берүү Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде ачылган 41 шайлоо участкасында да жүрүп жатат. 

Түркмөнстандагы эң жогорку мамлекеттик кызматка өлкөдө катталган үч саясий партия жана жарандардын тобу мыйзамга ылайык көрсөткөн тогуз талапкер ат салышууда.

Түркмөнстандын мыйзамдарында шайлоочулардын катышуусунун босогосу белгиленген эмес, ошондуктан шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгон учурда шайлоо өттү деп таанылат.

Түркмөнстандын президенти болуп анын аймагында төрөлгөн, 40 жаштан жаш эмес, мамлекеттик тилди билген, өлкөдө акыркы 15 жылдан бери туруктуу жашаган жана иштеген өлкөнүн жараны шайлана алат.

Түркмөнстандын президенти өлкөнүн эли тарабынан жети жылдык мөөнөткө шайланып, ал ант берген учурдан тартып кызматына киришет. Өлкөнүн жаңы президентинин инаугурациясы 19-мартта өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости