www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия кокусунан Пакистанга ракета учурган. Бул тууралуу Reuters агенттиги Индиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Индия окуяны «техникалык мүчүлүштүктөр» деп түшүндүргөн.
«2022-жылдын 9-мартында күнүмдүк тейлөө учурунда техникалык мүчүлүштүктөр ракетанын кокусунан учуруусуна алып келген. Ракета Пакистандын аймагына түшкөнүн билдик. Окуя абдан өкүнүчтүү болгону менен, кырсыктын кесепетинен эч ким каза болбогону аныкталды», - деп айтылат Индиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Мекеме өкмөт буга олуттуу мамиле жасап, жогорку деңгээлдеги иликтөөнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg